super.kg logo

"Путинге айтып койгула". Америкалык полковник Украина боюнча жаңы планын айтты

 

Владимир Зеленский Украинада шайлоо өткөрүп, Орусия менен сүйлөшүүлөрдү кайра башташы керек. Мындай пикирин АКШ армиясынын отставкадагы полковниги Лоуренс Уилкерсон "Dialogue Works" YouTube каналына берген маегинде айтты.

"Мен Зеленский шайлоону бүткүл Украинада уюштуруп, жаңы өкмөт түзүүгө уруксат бериши керек деп эсептейм. Муну менен ал көп убакыттан кийин биринчи жолу легитимдүү болуп, өлкөгө жарыяланган согуш абалын алса болот. Андан кийин анын Путинге сүйлөшкүңөр келип жатканын айтып койгула", - деген ал.

Отставкадагы аскер адамынын айтымында, ушундай жол менен Киев аймактардын жок дегенде бир бөлүгүн, анын ичинде Одессаны да өз көзөмөлүндө сактап калат. Уилкерсон ошондой эле жаңжалды жөнгө салуу үчүн бейтараптык жарыяланышы керектигин кошумчалаган.

Сентябрдын башында Владимир Путин эгер Украина сүйлөшүүгө ниети болсо, Орусия андан баш тартпай турганын, бирок мындай сүйлөшүүлөр Стамбулда жазылган келишимдердин негизинде жүргүзүлөрүн айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: