super.kg logo
  Спорт  

Майк Тайсон карьерасындагы эң оор атаандашы ким болгонун айтты

 

Легендарлуу мушкер Майк Тайсон карьерасындагы эң мыкты ошол эле учурда эң оор атаандаш ким болгонун айтты. Мындай маалыматты чет элдик спортук маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Карьерасында Леннокс Льюис менен дагы мушташкан Тайсон Эвандер Холифилдди өзгөчө белгилеген.

"Мен сөзсүз түрдө Холифилдди айтат элем. Ал улуу чемпион, эр жүрөк, чечкиндүүлүк, мыкты жүрүм-турум”, - деген Майк Тайсон.

Эвандер Холифилд менен Майк Тайсон эки жолу жолу беттешкен. Биринчи беттеште Холифилд 11-раундда техникалык нокаут менен жеңген. Экинчи беттеште Майк Тайсон Эвандер Холифилддин кулагын тиштеп алган. Жыйынтыгында Тайсон дисквалификацияланып, жеңиш Холифилдге берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: