"Маянасы 65 миң сомго чейин". Бишкекте "Тазалык" ишканасына кызматкерлер талап кылынат
Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасы жүктөгүч, айдоочу, тазалоочу жана ар кандай жумушчуларды издейт. Бул тууралуу кечээ, 18-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кызматкерлер таштандыларды чыгарган ишине жараша 40 миң сомдон 65 миң сомго чейин айлык алышат.
Ал эми айдоочу, тазалоочу, жүктөгүчтөрдүн айлыгы 38 миң сомдон 43 миң сомго чейин.
"Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Бишкек шаары, Ростов көчөсү, 19б жана Ала-Арча, 74а дарегине кайрылса болот", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.