super.kg logo

Чүйдө айылдашын өлтүрүп, сөөгүн мүрзөгө сүйрөп барып таштаган шектүү кармалды

 

Аламүдүн районунда айылдашын өлтүрүүгө шектелип 48 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрда саат 13:00 чамасында Беш-Күнгөй айылындагы христиандардын мүрзөсүнөн эркек кишинин жансыз денеси табылган. Каза болгон жаран 65 жаштагы жергиликтүү тургун экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө маркум Аламүдүн РИИБинде 10 күндөн ашык дайынсыз жоголгондордун тизмесинде экени такталган.

Шектүү катары 48 жаштагы айылдашы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөөдө алар чогуу спирт ичимдиктерин ичип отурушуп мушташа кетишкени, чырдан улам шектүү айылдашын бычактап, каза болгон соң сөөгүн христиандардын көрүстөнүнө сүйрөп алып барып салганы белгилүү болгон.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: