"Сен аялсың". Депутат Таштанбеков Ысык-Ата районунун акиминин кылыгын сынга алды
Бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районунун акиминин үстүнөн арыз түшүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, ага акимчиликтин аппарат жетекчиси кайрылган.
"Аппарат жетекчиси арыз менен кайрылып жатат. "Сен аялсың, мага эркек керек" деп жумуштан кетүүсүн талап кылып жатыптыр. Эми аял деп туруп эле кетирген болбойт да. Бул Конституцияны бузуп жаткандыгы. "Иштей албайсың", "колуңдан келбейт", "кечигесиң" деген жүйөлөр менен болсо бир жөн", - деди Таштанбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.