super.kg logo

Акыйкатчы бийлик өкүлдөрүн Зардалы айылындагы көйгөйлөрдү чечүүгө чакырды 

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Баткендеги Зардалы айылындагы көйгөйлөрдү чечип берүүгө чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жаманбаеванын тапшырмасы менен Акыйкатчы институтунун Баткен облусундагы өкүлү аталган айылдын жашоочулары менен жолукту.

"Тургундардын жашоо шарты катаал болсо да, жаратылышы кооз, абасы таза, ар бир сайдан агып түшкөн шыңгыр үндүү суулары бар айылын таштагысы келишпейт. Тургундардын көпчүлүгү орто жаштагы жарандар. Жаштар окуп, билим алууга кетип, катаал шарттардан улам айылга кайтып келгиси келбейт.

1997-жылдан бери иштеп келе жаткан башталгыч мектепте жалпысынан 7 гана бала билим алып, 2 мугалим эмгектенүүдө. Айыл тургандары үчүн оорукананы мындай коюп, медициналык түйүн, электр жарыгы да жок жашап келишет", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле айыл тургундары жолугушууда жол, мектеп, интернет маселелерин дагы көтөрүшкөн. Алардын айтымында, кыш мезгилинде жолдун абалы өтө начар болот. Ал эми мектептерде мугалимдер жетишсиз жана окуучуларга ысык тамак уюштурулган эмес.

Жергиликтүү тургундар дарыгердин жардамына муктаж болгон учурда чек ара заставасындагы фельдшердик пунктка кайрыларын айтышкан.

“Тиешелүү мамлекеттик органдар алыскы Зардалы айылынын жашоочуларынын медициналык жардам жана балдардын толук кандуу билим алуу укугун камсыздашы керек. Катаал шарттарда жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн тезинен чечүүгө чакырам”, - деп кошумчалады акыйкатчы.

Ошондой эле Акыйкатчы институтунун Баткендеги өкүлү мектеп окуучуларына окуу куралдарынан турган белектерди тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: