super.kg logo
  Саясат  

Депутат баласын таштап миграцияда жүргөн ата-энелер тууралуу кабарлай турган мобилдүү колдонмо түзүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев миграцияда жүргөн ата-энелердин балдары зомбулукка кабылып жатканын айтып, чет жакка чыккандар тууралуу кабарлай турган мобилдик колдонмо түзүүнү сунуштады.

Ал Алай районунда болгон окуяны эске салды.

"Алайда болгон окуяны наристеге жасалган зордук-зомбулук десек болот. Мындай маселелер кантип токтойт? Мен ойлом, бир мобилдүү колдонмо түзүү керек. Эгерде чек арадан ата-энеси чыгып кетип, 10-20 күндүн ичинде кайтып келбесе ал колдонмо аркылуу Эмгек министрлигине маалымат келет. Анан "ушул үй-бүлөнүн апасы кайтып келе элек, анын балдары эмне болоду?" деген маселе жаралып, Социалдык коргоо департаменти текшерет эле", - деди Маматалиев.

Эске салсак, социалдык тармактарда Москва шаарында мигрант болуп жүргөн өз аялына өчөшүп, баласын тилдеп, аны урган атанын видеосу тараган. Ош облустук милиция ал кармалганын маалымдаган.






19.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: