super.kg logo
  Саясат  

Өлкө башчы Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов менен жолукту

 

Бүгүн, 19-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Баатыры Апас Жумагулов жана анын жубайы менен “Ынтымак Ордо” имаратында жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Апас Жумагуловдун Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон зор салымын, ал өкмөттү жетектеп турганда, өлкө татаал кырдаалга туш болгондо, саясий жана экономикалык кризистен чыгуунун жолун тапканын белгиледи. Садыр Жапаров Апас Жумагуловдун жетекчилиги астында өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн айтып өттү.

Ошондой эле ал Апас Жумагулов сыяктуу көрүнүктүү инсандардын жана мамлекеттик ишмерлердин портреттери мамлекеттик мекемелердин дубалдарында илинип турушу керектигин баса белгиледи.

"Мындан тышкары Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптанышына зор салым кошкон Апас Жумагуловдун 90 жылдыгын белгилөө максатында Жумагуловдун параддык портретин “Ынтымак Ордо” имаратынын коридоруна орнотуу үчүн Президенттин иш башкармалыгына президенттик фонддон каражат бөлүнөрүн белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Апас Жумагулов ыраазычылыгын айтып, мындан ары да өлкөнүн бакубаттуулугун жана гүлдөп өнүгүшүн чыңдоого активдүү көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Президент Садыр Жапаров Апас Жумагуловго эстеликке белектерин тапшырып, ыраазычылыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: