super.kg logo
  Саясат  

"Парламент топпу". Депутат телеканалдардан парламент эмне иш кыларын элге түшүндүрүүнү талап кылды

 

Депутаттар эмне иш кыларын мамлекеттик телеканалдар аркылуу элге түшүндүрүш керек. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

Анын айтымында, эл бардык көйгөй жараткан иштер үчүн депутаттарды күнөөлөп жатат.

"Жол салуу, суу чыгаруу, социалдык объектилерди куруу эл өкүлдөрүнүн жумушу эмес. Муну өкмөт кылат. Көчөдө унаа тыгыны болсо деле, аялы менен күйөөсү урушуп кетсе деле депутаттар эмне кылып отурат? Парламент эмне футболдук топпу? Тепкилетип коюп отура беребизби? Мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигин айырмалап билбесе, бизде билгизүү үчүн улуттук дагы, мамлекеттик дагы телеканалдар бар да. "Депутаттар муну кылбай жатат" деген нерсе коомдо чоң көйгөйгө айланып бара жатат", - деди Самыйкожо.






19.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: