super.kg logo
  Саясат  

Депутат Нарматова 12 жылдык билим берүү системасына коомчулук нааразы экенин айтты (видео)

 

Бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова 12 жылдык билим берүү системасына коомчулук нааразы болуп жатканын айтты.

Анын айтымында, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын 12 жылдык окутуу системасына өтүүгө жасаган чакырыктары өлкөдө агартуу тармагын талкалоо коркунучуна алып келүүдө.

"Мындай реформаны жасаш үчүн алгач материалдык базасын, окуу китептери менен камсыз болуусун, мугалимдердин жетиштүүлүгүн, британ билим системасына өтүү үчүн мугалимдердин билим деңгээлин, даярдыгын эске албай туруп ушундай кадамга барды. Бүгүнкү күндө лицей менен гимназиялар жоюлуп, ал жакта иштеген билимдүү, тажрыйбалуу мугалимдер жеке менчик мектептерге кетип, мамлекеттик мектептерде өзүнө ишенип-ишенбеген окутуучулардын катары калыңдады. Ошондуктан ата-энелер тарабынан да, мугалимдер тарабынан да нааразычылыктар күчөдү. Анткени жеке мектептерде колунда барлардын балдары гана окуйт", - деди Нарматова.

Эске салсак, март айында өлкөдөгү мектептерди 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өткөрүү тууралуу токтом кабыл алынган. Бул демилге 2022-жылы эле көтөрүлө баштаган болчу. Ал кездеги министр Алмазбек Бейшеналиев мындай кадам дүйнөлүк стандартка ылайык жасалып жатканын билдирген. Министрлик бул системага эмне үчүн өтүү керектигин бир катар факторлорго таянып түшүндүрмө берген болчу.






19.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: