super.kg logo
  Саясат  

"Кадыр-баркыбызга шек келип жатат". Кундузбек Сулайманов ага мугалимдер кайрылганын айтты

 

Бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов мугалимдерди ишембиликтерге чыгарбоону сунуштады.

Анын айтымында, ага аймактагы мугалимдер окутуучулук кадыр-баркка шек келип жатканын айтып кайрылышкан.

"Бизде ишембилик деген нерсе болуп жатпайбы. Ошол ишембиликтерге мугалимдерди көп эле алып чыга бербесек. Себеби ал жерде мугалимдер дагы таштанды чогултушат, шыпырышат. Бул нерсе окуучулардын алдында мугалимдердин кадыр-баркын түшүрөт. Тескерисинче, аларга шарт түзүп берип, аброюн көтөргөнгө аракет кылсак. Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө дагы тапшырмаларды берсек", - деди Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: