super.kg logo

Орусия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү ниетин билдирди

 

Орусия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү вариантын карап жатат. Мындай маалымат Орусиянын Улуттук жана олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча комитетинин Telegram каналында 17-сентябрда жарыяланды.

Уюмдун вице-президенти Игорь Павлюктун айтымында, оюндарды өткөрүүгө укук алуудан мурун жөнгө салуу планында турган бир катар маселелерди чечүү зарыл.

"Мындан тышкары биздин өлкө да көчмөндөр цивилизациясынын бир бөлүгү болгон жана өзүнүн каада-салты жана маданияты бар. Спорт – бул мелдештер гана эмес, бул – достук, урмат-сый жана тилектештик", - деп белгилеген Павлюк.

Кийинки Көчмөндөр оюндары 2026-жылы Кыргызстанда өтөрү буга чейин белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: