Иран менен Өзбекстанга утулгандан кийин "Ак шумкарлардын" ФИФАдагы орду белгилүү болду
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде 4 сапка төмөндөдү. Рейтинг бүгүн, 19-сентябрда ФИФАнын расмий сайтына жарыяланды.
Анда "Ак шумкарлар" 205 өлкөнүн ичинен 106-орунга жайгашты. Буга чейин "Ак шумкарлар" 102-орунда болчу.
Эске салсак, Максим Лисицындын командасы сентябрда Дүйнө чемпиондугуна тандап алуунун үчүнчү турунда эки оюнун өткөргөн. Анда Кыргыз курамасы конокто Иранга 1:0, өз үйүндө Өзбекстанга 2:3 эсебинде утулуп калган.
Рейтингде алдыңкы сапты Аргентина, Франция жана Испания ээледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.