super.kg logo

Бишкек мэриясынын 64 кызматкери жумушка унаасы менен келип жатканы аныкталды

 

Үстүбүздөгү жылдын май айында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык кызматкерлерге жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлерине жума сайын шейшемби жана бейшемби күндөрү коомдук транспортто жүрүүнү тапшырган.

Мэриядан билдиришкендей, бул чаралар экологиялык абалды жакшыртуу, коомдук транспорттун абалын, жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын көзөмөлдөө максатта кабыл алынган.

"Бул күндөрү жеке жана кызматтык унааларды колдонууга чектөөлөрдү киргизүү жол тармагындагы тыгындарды азайтат, ошондой эле коомдук транспортко суроо-талапты жогорулатууга жардам берет.

Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруу-контролдоо иштери боюнча башкармалыгы тарабынан борбор калаанын жетекчисинин тапшырмаларын аткарбаган жетекчилерди жана кызматкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар такай жүргүзүлүп келген.

Алсак, 2024-жылдын 7-майынан 18-сентябрына чейин 64 жетекчи жана кызматкер аныкталып, аларга тартиптик чаралар көрүлдү", - деп билдиришти Бишкек мэриясынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: