super.kg logo
  Саясат  

Токмок шаарынын мэри: “Таракан” кубалап жүрүп депутат болгон киши - мага баа бере албайт

 

Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов менен чырдаша кеткени боюнча комментарий берди.

"Өзү орой мамиле кылып, басынтып сүйлөдү. Жогорку Кеңештин депутаты болобу же башкабы, адамга адамча мамиле кылышы керек да. Өзү эле ызы-чуу чыгарайын деген максатта келген окшойт. Ачыгын айтканда, "таракан" кубалап жүрүп депутат болгон киши - мага баа бере албайт", - деди Нусувалиев.

Ошондой эле ал өзүнүн эмгек жолу, буга чейин аткарган жана алдыда кыла турган иштери тууралуу айтып берди.

Калаа башчысынын бейнесин ачып берген кызыктуу маекти SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыздар.

17-сентябрда социалдык тармактарда депутат менен мэр тирешкен видео тараган. Аны Кокулов бөлүшүп, Токмок шаарына жарандардын көйгөйүн угуу үчүн барганын айткан. Видеодон эл өкүлү алгач калаа башчысынын иш бөлмөсүнө барып, маселени талкуулаганы экөө чогуу жерине келгенин, жеринде алардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, кайым айтышканын көрүүгө болот.

Эрулан Кокулов SUPER.KG порталына Максат Нусувалиев менен чырдаша кеткени боюнча комментарий берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: