super.kg logo

Балыкчы-Кочкор темир жолун куруу иштери кызуу жүрүүдө (сүрөт)

 

Кочкор районунда Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу активдүү уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда темир жолдун астыңкы конструкциясы жана суу өткөргүчтөр курулууда, аны менен бирге рельс, шпалдар салынууда. Жалпысынан темир жолдун 35 чакырымы курулду.

"Ал эми табигый тоскоолдуктарды жоюу жана курулушту улантуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү үчүн зарыл болгон жалпы узундугу 6 чакырым болгон тилкелерде бургулоо жана жардыруу иштери пландаштырылган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, курулуш жумуштарына 100дөн ашык жумушчу жана 60ка жакын атайын техника тартылды.
Темир жолдун курулушу аталган ишкананын каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Маалымат үчүн: Балыкчы–Кочкор– Кара-Кече–Макмал темир жолу аймак үчүн да, жалпы өлкө үчүн да стратегиялык мааниге ээ. Бул транспорттук инфраструктураны жакшыртат, жүктөрдү жеткирүү мөөнөтүн кыскартат жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө түрткү болот. Бул маршрут республикада бирдиктүү темир жол тармагын калыптандырууда негизги ролду ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: