super.kg logo

Бишкекте эл аралык форум өтүп жатат (сүрөт) 

 

Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарында “Органикалык Экспо - Борбордук Азия 2024” регионалдык форуму өтүп жатат.

Ага Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашымова, президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, эл аралык уюмдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чарага 10дон ашык өлкөдөн 200дөн ашык эксперттер жана 50 спикер органикалык айыл чарба, экология, климат жана башка маселелер боюнча талкуулашат.

Мындан тышкары самаалыктын алкагында органикалык жана экологиялык азыктардын жарманке-көргөзмөсү өтүп жатат. Анда өлкө аймактарынан келген кол өнөрчүлөр, дыйкандар, багбандардын өндүргөн продуктылары коюлуп, дүң баада сатылууда.

Белгилей өтсөк, форум 20-сентябрдан 22-сентябрга чейин созулат.

Айыл чарба министрлиги мындай форум Борбордук Азияда биринчи жолу өтүп жатканын белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: