super.kg logo

Яндекс кайрымдуулук фонддорду колдоо программасын кеңейтет

 

2023-жылдын сентябрынан бери компания кайрымдуулук фонддорунун адистери жана алардын тарбиялануучулары үчүн Яндекс Go кызматы аркылуу акысыз сапарларына 1.6 млн сом бөлгөн, ошондой эле документтерди же жабдууларды жөнөтүү үчүн жеткирүүгө буйрутма бере алышат.

Кыргызстанда кайрымдуулук саякат программасы 2023-жылдын сентябрынан бери иштеп келет. Бул убакыттын ичинде компаниянын төрт өнөктөш фонду 1.6 млн сомдон ашык суммага 4200 бекер сапарга ээ болушкан. Бул тууралуу «Европа плюс» радиосуна Кыргызстандагы Яндекс Go кызматынын жетекчиси Тилек Сулайманов билдирди.

Программага төрт фонд катышууда: Биринчи балдар хосписи, «Help the Children – SKD», «Үмүт-Надежда» жана «Рука в руке».

Ай сайын долбоордун катышуучулары дарылануу, окууга жана башка иштерди аткаруу үчүн сапарларына бир нече суммадагы каражат бөлүнөт. Октябрь айында колдоо программасы кеңейет. Өнөктөш фонддор сапарларга гана эмес, мисалы, документтерди, жабдууларды жана башка нерселерди жөнөтүү үчүн жеткирүү кызматтын колдоно алышат.

Кызматтын жетекчиси кошумчалагандай, бул жылы тиркеменин колдонуучулары жыл сайын өткөрүлүп жаткан «Жоомарт ноябрь» кайрымдуулук акциясына катыша алышат. Жума күндөрү ар бир 10 чакырым жол үчүн кызмат өз эсебинен өнөктөш фонддордун пайдасына 1 сом которот. Өткөн жылдын күзүндө ноябрь айынын жыйынтыгында өнөктөштүк фонддорго 600 миң сом түшкөн. Акция бардык Яндекс Go тарифтериндеги жана кызмат иштеп жаткан бардык шаарлардагы сапарларга тиешелүү.

«Жоомарт ноябрь» кампаниясына башка компаниялар да кызыгуу көрсөтө баштаганы бизди кубандырат. Биз үчүн бул жардамды кеңири жайылтуу, ошондой эле колдоо системалуу жана башкаларга жардам берүү оңой экенин өзүбүз үлгү менен көрсөтүү мүмкүнчүлүгү», - деп жыйынтыктады Тилек Сулайманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: