super.kg logo

Түркияда сиам эгиздери ийгиликтүү ажыратылды

 

Түркияда бир жаштагы пакистандык сиам эгиздери Манал менен Мирханы бөлүү операциясы ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу түрк басылмлары жазышууда.

14 саатка созулган операцияны алдыңкы британиялык хирург Нур ул Овасе Жилани жасады. Ал сиам эгиздерин бөлүү боюнча чоң тажрыйбага ээ. 2022-жылы Бразилияда үч жашар балдарды ийгиликтүү ажыратса, 2021-жылы Израилде бир жаштагы кыздарга, 2019-жылы Пакистанда эки жашар кыздарга операция жасаган.

Кыздардын толук бөлүнүшү үч ай бою эки ​​хирургиялык этапты талап кылган. Анткени эгиздердин кан тамырлары жана мээ кыртышы бирдей болгондугу белгиленген.

Татаал операцияга даярдануу үчүн адистер Анкарадагы дарыгерлерге операция бөлмөсүндө эмнени күтөрүн түшүнүүгө жардам берүү үчүн эгиздердин жогорку сапаттагы 3D моделин түзүштү.






Түркияда баштары бириккен сиам эгиздери бөлүндү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: