super.kg logo

Бишкекте Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өттү

 

Чүй облустук Термечиков атындагы музыкалык драма жана сатира театрында “Өчпөс кыргыз тилинин доору” аттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага Бишкек мэринин орун Виктория Мозгачева, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова катышты.

Мындан тышкары билим берүү башкармалыктарынын башчылары, билим берүү уюмдарынын жетекчилери, мектеп директорлорунун мамлекеттик тил боюнча орун басарлары жана мугалимдер чакырылды.

"Иш-чаранын алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналган театралдаштырылган оюн-зоок көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: