Милиция Токмокто окуучу кыз сабалган окуяны иликтеп жатат
Токмок шаарындагы мектепте 6-класстын окуучусу сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Чүй ОИИББинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрь күнү саат 18:42 чамасында Токмок шаардык ооруканасына 12 жаштагы кызды алып келишкен. Дарыгерлер ага баш мээнин жабык жаракаты деген диагноз коюшуп, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, үйүнө чыгарышкан. Ал математика сабагы учурунда классташы урганын айткан.
Бул факты каттоого алынып, иликтөө иштери башталган жана тиешелүү соттук-укуктук экспертиза дайындалган.
Милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин жана дайындалган экспертизанын корутундусу боюнча процесстик чечим кабыл алынарын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.