super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан Кытайга төө бурчак жана тыбыт экспорттойт

 

Кыргызстан Кытайга төө буурчак жана тыбыт экспорттоого макулдашты. Мындай макулдашууга Пекин шаарында суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын башкы бажы башкармалыгынын партиялык комитетинин катчысы Юй Цзяньхуа менен болгон жолугушуусунда жетишилгенин кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Юй Цзяньхуа 2023-жылы эки тараптуу соода жүгүртүү 2022-жылга салыштырмалуу кыйла өскөнүн белгилеп, кытай тарап экологиялык жактан таза азык-түлүк продукцияларын импорттоого даяр экендигин билдирген. Жыйынтыгында тараптар Кыргызстандан Кытайга төө буурчак жана тыбыт экспорттоо маселеси боюнча макулдашышкан.

Өз кезегинде министр Төрөбаев Кыргыз-Кытай чек арасындагы бажылык жол-жоболорду дагы да жөнөкөйлөтүү керектигин айткан. Ал мындай кадамга товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү натыйжалуу алмашууга өбөлгө түзүү үчүн баруу керектигин белгилеген.

"Эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү былтыр 20 миллиард долларды түзсө, быйылкы жылдын январь-июль айларында 11 миллиард долларга жеткен", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: