super.kg logo
  Саясат  

Жакында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу боюнча коммерциялык макулдашууга кол коюлат

 

Жакын арада "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча үч тараптуу коммерциялык макулдашууга кол коюлат. Бул тууралуу Пекин шаарындагы суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытайдын транспорт министри Ли Сяопэн менен болгон жолугушуусунда сүйлөшүлгөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Торугарт", "Эркечтам" өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн мындан ары дагы жакшыртуу, ошондой эле жакында ачылган "Бедел" пунктунун инфраструктурасын модернизациялоо жана "Барскоон-Үчтурфан-Аксу" унаа жолун 2027-жылга чейин биргелешип бүткөрүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.

Ошондой эле министр Төрөбаев менен Ли Сяопэн чек арадан кирип-чыккан эки мамлекеттин жүк ташуучу унааларына быйылкы жылга берилген квотанын санын көбөйтүүнү макулдашкан.

"Ага ылайык, быйылкы жылдын аягына чейин кошумча эки тараптан тең кирип-чыгууга 40 миңден унаага уруксат берилери күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: