super.kg logo

Бишкектеги №46 мектептин окуучулары массалык түрдө мушташты

 

Бишкек шаарындагы №46 мектептин окуучулары массалык түрдө мушташты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 17-сентябрь күнү саат 13:47 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына №46 орто мектептин окуучулары арасында массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерде жашы жете электердин иштери боюнча инспектор болуп, тергөө тобу да келген. Милиция кызматкерлери орто мектептин окуучуларынын ортосунда оозеки чыр-чатактан улам жаңжал болгонун аныкташкан.

Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

"Жогорудагы фактынын негизинде окуяга катышкан бардык мектеп окуучулары мыйзамдуу өкүлдөрү менен райондук бөлүмгө алынып келинди. Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бир катар окуучулар каттоого алынган. Белгилей кетсек, эч ким жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган эмес", - деп билдиришти Бишкек ШИИБден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: