super.kg logo

Wildberries кеңсесиндеги атышуу: Каза болгон жаран ММА мушкери экени айтылды

 

18-сентябрда Москвадагы Wildberries компаниясынын кеңсесиндеги болгон атышуудан экс ММА мушкери Ислам Элмурзиев каза болгон. БУл тууралуу орусиялык телеграм каналдар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, атышууда курман болгондор мушкерлер болгон. Алардын бири ооруканада, экинчисин сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

"Күзөтчү болуп иштеген Ислам Элмурзаев атышуудан каза болгон. Ал эми октябрда Грозныйда өтө турган турнирде мушташы керек болгон АСА уюмунун мушкери Абубакар Местоев жарадар болду", - деп жазылды андагы маалыматта.

ММА уюмунун мурдагы мушкери Ислам Элмурзиев Wildberries компаниясында күзөтчү болуп иштечү. Ал профессионалдык деңгээлде төрт беттеш өткөргөн жана акыркы беттеши 2019-жылы AMC Fight Nights турниринде болгон.

18-сентябрда Москвадагы Романов Двор бизнес борборундагы Wildberries кеңсесинин кире беришинде атышуу болгон. Компаниянын тең ээси Владислав Бакальчук жана 20-30 адамдан турган коопсуздук тобу компаниянын кеңсесине кирүүгө аракет кылышкан.

Кийинчерээк эки адам каза болуп, дагы бирөө ооруканада экени белгилүү болгон. Бакалчуктун жактоочулары каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө ар кандай зарыл жардам көрсөтүлөрүн айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: