super.kg logo

Бишкекте 3 күндүн ичинде туура эмес жерден өткөн 261 адамга айып салынды

 

Үч күн ичинде туура эмес жерлерден өтүшкөн 261 жөө жүргүнчүгө 1000 сомдон айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

"Жыл башынан тартып, сегиз ай аралыгында өлкө аймагында жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен коштолгон 1610 жол кырсыгы катталып, 1633 жарандарыбыз ар кандай жаракаттарды алышкан. Анын ичинен жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен 142 жол кырсыгы катталып, 13 жөө жүргүнчү көз жумган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 5,9 пайызга азайганы менен бүгүнкү күндө дагы эле болсо кооптуу көйгөй болуп калууда", - деп билдиришти ЖКККББдан.

Ошого байланыштуу жол кырсыктарына чоң жолдордо туура эмес жерлерден өтүшкөн жөө жүргүнчүлөр да себеп болуп жаткандыгын эске алып, ЖКККББгы тарабынан жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу, жөө жүргүнчүлөрдүн жолдордун тыюу салынган жерлеринен өтпөөсү, жол чырактардан, жөө өткөөлдөрдөн гана өтүүсүн жеткирүү, түшүндүрүү максатында өлкө аймагында 17-сентябрдан тартып 17-октябрга чейин бир айлык “жөө жүргүнчү” аталышында алдын алуу рейддик иш-чарасын өткөрүүдө.

Үч күн аралыгында туура эмес жерлерден өткөн 261 жөө жүргүнчүлөргө 1000 сомдон айып салынып, ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: