super.kg logo
  Спорт  

9:1 жана 7:0. Дүйнө чемпиондугунун бир эле тайпасында эки ири эсеп саны катталды

 

Бүгүн, 20-сентябрда коңшу Өзбекстанда өтүп жаткан футзал боюнча Дүйнө чемпиондугунун "В" тайпасынын 3-турдук оюндары өттү.

Бухара шаарында тайпанын эки лидери болгон Таиланд менен Бразилия кез келип, оюн 9:1 эсебинде Бразилиянын жеңиши менен аяктады.

Ташкентте өткөн параллелдүү беттеште Хорватия курамасы Кубаны 7:0 эсебинде утуп алды.

Ошентип, Бразилия курамасы үч беттеште тең жеңишке жетип, тогуз упай менен "В" тайпасында биринчи орунду ээледи. Экинчи орунга 6 упайы менен Таиланд курамасы жайгашса, үч упай топтогон Хорватия тайпада үчүнчү орунга жайгашты. Ал эми Куба бир дагы упай ала албай, Дүйнө чемпиондугу менен коштошту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: