Wildberries кеңсесиндеги атышууга байланыштуу дагы он киши камакка алынды
Москванын Басман райондук соту Москванын борборундагы Wildberries кеңсесиндеги атышуу боюнча дагы он адамды камакка алды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Ошентип атышуу боюнча жалпысынан 20 адам камакка алынды.
Жалпысынан 33 адамга айып тагылган, алардын арасында Wildberries компаниясынын негиздөөчүсүнүн күйөөсү Владислав Бакальчук дагы бар. Анын жашаган жеринде тинтүү иштери жүрүп жатканы мурда кабарланган.
Wildberries компаниясынын башкы кеңсесине кол салуу 18-сентябрда эртең менен Москванын борборунда болгон. Куралдуу кагылыштын натыйжасында жети адам жабыркап, экөө каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.