super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровду Нью-Йоркко коштоп кеткен делегациянын курамы

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башсынын администрация билдирди.

Анда өлкө башчысы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Келечек Саммитинин ишине катышып, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары БУУнун Башкы Ассамблеясынын талааларында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, жана бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

  • Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын АКШдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бактыбек Аманбаев;
  • Президенттин администрациянын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Бакыт Сыдыков;
  • Кыргызстандан Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: