Рак илдетине чалдыккан "Рэкетир" тасмасынын жылдызы Мурат Бисенбин кайрылуу жасады (видео)
Учурда рак илдети менен күрөшүп жаткан Казакстандын белгилүү актёру Мурат Бисембин кайрылуу жасады. Актёр социалдык тармактагы кайрылуусунда ага колдоо көрсөткөн ар бир адамга ыраазычылык айтып, жакшылыктарды каалаган.
"Баарыңыздарга колдоо, жакшы сөздөрүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздерге бекем ден соолук каалайм! Оорубаңыздар, мен дагы батыраак сакайганга аракет кылам" деген анда актер.
Белгилей өтсөк, актёр КМШга “Рэкетир” тасмасындагы Русландын ролу менен белгилүү болгон.
Мурат Бисембин 1972-жылы 11-октябрда туулган. Актёр үй-бүлөлүү жана үч баласы бар.
Буга чейин жергиликтүү маалымат булактарында Бисембин уйку безинин рагы менен жабыркап жаткандыгы маалымдалган.
"Рэкетир" тасмасынын жылдызы Мурат Бисенбин кайрылуу жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.