super.kg logo

Ысык-Атада тургун уурулукка барган жаранды кармап алды 

 

Чүй облустук милициясы Ысык-Ата районунда уурулукка шектүү жаран кармалганын билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 21-сентябрда интернетте тургун үйүнө ууруга кирген адамды кармап алгандыгы боюнча видео тараган.

Бул факты Ысык-Ата РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталган. Шектүү катары 31 жаштагы Т.Э. аттуу жаран ички иштер бөлүмүнө алып келинген.

Анда 21-сентябрга караган түнү шектүү Мерседец-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Рухий-Мурас 2 конушундагы үйлөрдүн биринен электр зымдарын урдап жаткан жеринен үйдүн ээси кармап, милиция кызматкерлери келгенге чейин кое бербей турганы белгилүү болгон.

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-205-беренесинин (Уурдоого аракеттенүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен шектүүгө юридикалык баа берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: