super.kg logo

Мэр Бишкектеги жол кире төлөө системасын карап чыгууну тапшырды

 

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясында мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда пландуу жыйын өттү. Анын алкагында мэр тиешелүү кызматтарга транспорттун жол кире акысын төлөө системасын карап чыгууну тапшырды.

Мэрия тактагандай, мында жүргүнчү белгилүү бир убакыттын ичинде бир же бир нече жолу коомдук транспортто жүрө алат жана ага бир гана жолу төлөө мүмкүнчүлүгү берилет.

"Жүргүнчү биринчи автобустан экинчи, андан ары үчүнчү автобуска отуруп, 51 сом төлөсө, (накталай эмес төлөмдөр үчүн 17 сом), анда бул программа менен ошол эле каттамга болгону 17 сом төлөсө болот" деп жазылат анда.

Мындан тышкары "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына мурда башталган бардык иштерди бүткөрүү тапшырылды. Ал эми "Тазалык" ишканасына жол сызыктарын жууп, зарыл болгон учурда жаңылоо тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: