super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө бир жумадагы кадрдык өзгөрүүлөр 

 

Кыргызстанда бир жуманын ичинде (16-сентябрдан 20-сентябрга чейин) бир нече кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Алсак, аптанын алгачкы күнү, 16-сентябрда Күрөш федерациясынын жаңы президенти болуп Эркин Тентишев шайланганы белгилүү болду. Тентишев буга чейин президенттин кеңешчиси болгон. Ал эми буга чейинки Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев өз каалоосу менен арыз жазган болчу.

Ушул эле күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору алмашты. Ага ылайык, Төлөбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Догдурбек Чонтоев ректор болду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.

16-сентябрда “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ААКтын директорлор кеңеши Ильяр Иманходжаевди башкармалыктын төрагасынын орун басары кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алган. Мекеме Иманходжаев өз каалоосу арыз жазганын белгилеген.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, 20-сентябрда Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун директору болуп Бактыгүл Иманбек кызы дайындалды. Аталган борбор өлкөдө ушул жылдын август айында түзүлүп, Маданият министрлигине карайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: