super.kg logo

Жалал-Абадда Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракеси белгиленди

 

Министрлер rабинетинин nөрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында кыргыздын белгилүү акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, ал өз сөзүндө бул күндү “адабият менен маданияттын майрамы” катары белгиледи. Ошондой эле XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башы кыргыз поэзиясынын алтын доору болгонун, бул доордо Барпы Алыкулов өзгөчө орунду ээлегенин кошумчалады

Жапаров андан ары иш сапарынын алкагында Барпы айыл аймагынын Курук-Сай айылындагы кирпич чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен жана облустук мамлекеттик администрациянын жаңы имаратынын курулушу, ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жаңы окуу жана административдик имараттарынын абалы менен таанышты.

Сапардын соңунда өкмөт башчы “Кыргыз Петролеум Компани” жаңы заводунун курулушунун жүрүшүн көрүп чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: