super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров маданият министрине бир катар тапшырмаларды берди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 22-сентябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу «Кыргыз маданият сервис» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте министрликтин балансына өтө турган имаратты жана кампаларды көрүп чыкты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовдун айтымында, «Кыргыз маданият сервис» мамлекеттик ишканасынын бул имараттарында костюмдарды, декорацияларды, үн жана видео жазуу студияларын жасоочу цехтер түзүлөт жана музыкалык аспаптар, жабдуулар, жасалгалар ушул жайларда сакталат. Мындан тышкары сактоочу жайлар ведомствонун унааларын тейлөөчү жана эксплуатациялоочу жай болуп калат.

Өкмөт башчы аталган жайды министрликтин балансына өткөрүү маселесин иштеп чыгып, министрликтин башка мекемелери да жайгаша тургандай кылып оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, «Кыргыз маданият сервис» мамлекеттик ишканасынын милдети театралдык, музыкалык, көркөм жана адабий искусствону жайылтуу жана көркөмдүк деңгээли жогору программаларды түзүү болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: