super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту  

 

Кечээ, 22-сентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йоркто өтүп жаткан Келечек саммитинде Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Анда Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги маселелери саясий диалогду жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө талкууланды.

Өлкө башчы Кыргызстан Европа биримдигинин өлкөнүн прогрессивдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого кошкон салымын жогору баалай турганын баса белгиледи.

Өз кезегинде Шарль Мишель Кыргызстан менен өзгөчө туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүүсүнүн күн тартибинин алкагында тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары тараптар регионалдык жана глобалдык чакырыктарды чечүү үчүн мындан аркы диалогдун маанилүүлүгүн ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: