super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту  

 

Кечээ, 22-сентябрда президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан Келечек саммитинде Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда экономикалык, инвестициялык жана билим берүү чөйрөлөрүндө кыргыз-герман кызматташтыгын тереңдетүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Германияга туруктуу өнүгүү жана социалдык-экономикалык реформалар жаатындагы ар дайым колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Федералдык канцлер Олаф Шольц өз кезегинде Германия Кыргызстан менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгын билдирип, өлкөнүн Борбор Азиядагы негизги өнөктөшү катары маанилүүлүгүн белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары тараптар кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулап, регионалдык маселелерди чечүү боюнча демилгелерди колдошту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: