super.kg logo

Москвада 19 жаштагы вандал Александр Масляковдун мүрзөсүн бузду (видео)

 

Москва шаарында 19 жаштагы жигит Новодевичье көрүстөнүндө КВНдин негиздөөчүсү Александр Масляковдун мүрзөсүн бузуп салды. Бул тууралуу Mash Телеграм каналы жазды.

Ал мүрзөдө сайылып турган жыгачты жулуп, сүрөттөрдү жылдырып, гүлдөрдү чачкан. Андан кийин вандал самокат менен качууга аракет кылган. Көрүстөндүн кароолчулары жигитти кармоого жетишкен. Андан кийин полиция чакырышып, вандалды укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Телеграм каналдын маалыматына караганда, мүрзөдө жүргөндөр аны токтотууга аракет кылышкан. Бирок ал эч кимди уккан эмес.

Масляковдун мүрзөсү калыбына келтирилди. Анын үй-бүлөсү жана көрүстөн администрациясы полицияга арыз жазган.

Александр Масляков 8-сентябрь күнү кечинде 82 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Алып баруучу өпкө рагы менен жабыркап келгени, дарыгерлер мындан 8 ай мурун дарылоо мүмкүн эместигин айтканы белгилүү болгон.

Анын сөөгү 11-сентябрь күнү Москвадагы Новодевичье көрүстөнүнө коюлган.






Москвада 19 жаштагы вандал Александр Масляковдун мүрзөсүн бузду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: