super.kg logo

"Крокустагы" теракт: Renault Symbol унаасынын ээси теракт тууралуу алдын ала билгени айтылды

 

Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборунда болгон чабуулдун катышуучуларына унааны саткан Исломовдордун үй-бүлө мүчөлөрү теракт тууралуу алдын ала эле билишкен. Бул тууралуу ТАСС агенттиги соттогу иш материалдарына таянуу менен билдирди.

Соттун материалдарында А., Д., И.Исломовдордун кылмышка тиешеси бар экендиги такталган. Бул ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгына күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү, ошондой эле текшерүүлөрдүн жана тинтүүлөрдүн жыйынтыгы негизделет.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Исломовдордун үй-бүлө мүчөлөрү автоунааны терактты уюштургандарга теракт болорун билип туруп саткан.

Тергөөнүн дагы бир маалыматы боюнча, унаа бир тууган Исломовдордун бирине таандык болгон. Алар теракттан кийин унаасын видеодон көрүшүп, бир туугандар да, атасы да өз ыктыяры менен полицияга келишкен. Алар унааны сатуунун жагдайы боюнча көрсөтмө беришкен. Бирок үчөө тең терактка катыштыгы жок экенин айтышууда.

"Крокус Сити Холлдогу" теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган. Бул иш боюнча 12 адам, анын ичинде төрт кылмышкер жана алардын болжолдуу шериктери кармалган. Бул террордук акт боюнча эң жогорку жаза өмүр бою эркинен ажыратуу болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: