Бокс боюнча курама Кытайда өтө турган Эл аралык мелдешке катышат
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Үрүмчү шаарында өтө турган Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдештер 25-сентябрда башталып 10-октябрда жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- Анвар Ходжиев - 48 килограмм;
- Санжай Сейдакматов, Ислам Төрөбеков - 57 килограмм;
- Мирзохид Имамназаров, Алмаз Орозбеков - 63,5 килограмм;
- Сагын Сатыбалды уулу - 80 килограмм;
- Бакыт Токтосун уулу - +92 килограмм.
"Курама команда башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















