super.kg logo

"Жашыруун камера коюлуп". УКМК Базар-Коргондо мамлекеттик кызматкерди пара менен кармады (видео)

 

Жалал-Абад облусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкери жарандардан системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгындагы туруктуу акча чогултуу системасына бөгөт коюлган. Натыйжада 19-сентябрда аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси М.О. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Аталган кызматкер социалдык жөлөкпулдарды, тактап айтканда, «Үй бүлөгө көмөк» төлөмдөрүн төлөө маселелерин тездетүү жана оң жагына чечүү үчүн аз камсыз болгон жарандардан пара талап кылган. Ошол эле учурда анын мыйзамсыз аракеттери сот органдарынын уруксаты менен жашыруун видео камерага тартылган", - деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчилигинин аталган фактыларга тиешеси бар экендиги текшерилет.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.






УКМК Базар-Коргондо мамлекеттик кызматкерди пара менен кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: