super.kg logo

АКШда 1951-жылы дайынсыз жоголгон бала тирүү табылды

 

АКШда 70 жылдан ашык убакыт мурун жоголуп кеткен бала тирүү табылды. The Mercury News гезити Луис Армандо Альбинонун укмуштуудай окуясы тууралуу жазган.

1951-жылдын 21-февралында белгисиз аял Луисти Батыш Окленд шаарындагы (Калифорния) парктан улуу агасы Роджер менен ойноп жаткан жеринен азгырган.

Бала апасы Антония жана беш бир тууганы менен Пуэрто-Рикодон АКШга жаңы эле келген жана англис тилин такыр түшүнбөйт. Бирок бейтааныш адам ага испан тилинде таттууларды убада кылган. Ал эч нерседен шектенбестен, аялдын артынан барып, көздөн кайым болгон.

Полиция, жоокерлер жана жээк коопсуздук кызматкерлери бардык жерди издешкен, бирок баары майнапсыз болгон. Кийинчерээк аны уурдаган аял АКШнын аркы тарабына алып кеткени маалым болгон.

Ошол жылдардан бери Альбинонун үй-бүлөсү аны табуу үмүтүн үзүшкөн эмес. Баланын апасы 2005-жылы каза болгон, бирок уулунун тирүү экенине ар дайым ишенген. Ал каза болгондон кийин издөөнү Альбинонун тууганы Алида Алекин уланткан.

Баары Алекин жана анын болжолдуу таякеси жасаган ДНК тести аркылуу тастыкталып, 70 жылдан кийин Луис Армандо Альбино акыры табылган. ФБР Луисти Калифорнияга келүүгө жардам берди. Ал кишини улуу агасы Роджердин үйүнө алып барышкан.

Луис өзү ага эмне болгонун айткан эмес. Аны уурдап кетип, өлкөнү кыдырып жүргөнүн эстеп калган, бирок асырап алган үй-бүлөсү анын бала кезинде эмне болгондугу тууралуу суроолоруна жооп берген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: