super.kg logo
  Спорт  

Белгилүү кыргыз балбаны 4 жылга күрөштөн четтетилди

 

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акылбек Талантбеков допинг колдонгону үчүн төрт жылга спорттон дисквалификацияланды. Мындай маалымат Эл аралык тестирлөө агенттигинин сайтында маалымдалды.

Андагы маалыматка ылайык, кыргыз балбаны былтыр апрелде Астанада өткөн Азия чемпиондугунан кийин допинг-тесттен өтпөй калган. Анын денесинде тыюу салынган Метастерон дарысынын үлгүсү табылган.

Талантбеков алгач 2023-жылдын 12-июнуна чейин спорттон четтетилип, териштирүүлөр аяктагандан кийин ал 2027-жылдын 11-июнуна чейин 4 жылга дисквалификацияланган.

Эми 2023-жылкы Азия чемпиондугунун алтын медалы казакстандык Диас Каленге берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: