super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте Мамлекеттик тил күнү салтанаттуу белгиленди

 

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-сентябрда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына карата президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Ал иш-чаранын жүрүшүндө өлкө башчы Садыр Жапаровдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоо сөзүн окуду.

Эске салсак, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: