Казакстанда ММА мушкеринин сөөгүнүн табылышы: Полиция билдирүү жасады
Актауда мурдагы ММА мушкери Вусал Жафаровдун сөөгү табылгандан кийин Мангистау облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы иштин айрым чоо-жайын ачыктады. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Мекемеден билдиришкендей, чирип кеткен дене 20-сентябрда саат 22:30 чамасында бадалдардын арасынан табылган.
"Окуя болгон жерди текшерүү учурунда маркумдун сөөгүнүн байпагынан шприц табылган. Ошондой эле маркумдун мурда каракчылык фактысы боюнча соттолгондугу аныкталган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирди Мангыстау ШИИБинен.
Эске салсак, буга чейин Жафаровдун жансыз денеси Актау шаарындагы 3-кичи райондо таштанды контейнерлеринин жанынан табылганы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.