Ысык-Атада 315 миллион сомдук оорукананын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды
Чүйдөгү Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы оорукананын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда УКМКдан билдирди.
Маалыматка ылайык, 2010-жылы жеке тараптар менчиктештирип алган Новопокровка айылындагы айылдык участкалык оорукана мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, оорукананын ээси өз ыктыяры менен базар баасы 315 миллион 111 миң сомдон ашык 10 миң 618 чарчы метр жер тилкесин, 2 525 чарчы метр административдик имараты менен мамлекетке өткөрүп берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.