super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаровдун Нью-Йорктогу Келечек саммитинде сүйлөгөн сөзү (видео)

 

Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында өтүп жаткан Келечек саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө самиттин катышуучуларын глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда көп тараптуу кызматташуунун мурда калыптанган ыкмаларын кайра карап чыгууга чакырды.

"Азыркы менен келечектин ортосунда бекем көпүрөлөрдү куруу үчүн биз элдердин ортосундагы байланышты бекемдешибиз керек. Коронавирус пандемиясы кызматташуунун учурдагы механизмдери заманбап чакырыктарга жооп бербей тургандыгын ачык көрсөттү. Ошондуктан Келечек саммити глобалдык мамилелерди кайра карап чыгуу үчүн маанилүү платформа болуп эсептелет.

Биз кабыл алып жаткан "Келечек Пактын" колдойбуз. Биз ошондой эле Келечек муундар жөнүндө декларацияны кабыл алууну колдойбуз, анткени дал ошол кийинки муундар биздин бүгүнкү чечимдерибиздин жүгүн өз мойнуна алышат", - деди Жапаров.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясы 30-сентябрга чейин уланат, анда климаттын өзгөрүшү, коопсуздук, чыр-чатактарды чечүү, өзөктүк куралдан арылуу маселелери каралууда.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: