super.kg logo
  Саясат  

Кытай менен Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча кызматташуу талкууланды

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын Хубэй провинциясында жайгашкан дүйнө жүзүндөгү эң ири гидроэлектростанция делген “Үч капчыгайга” барды. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар гидроэнергетика тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, андан соң кытай тарапка Кыргызстанга келип кетүүгө жана ГЭСтерди куруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү сунушталды.

Кыргызстандан барган делегациясынын курамындагы энергетика министри Таалайбек Ибраев жана өлкөнүн энергетикалык компанияларынын жетекчилери менен адистерине Хубэй провинциясынын Тышкы байланыштар департаментинин жетекчилиги жана кытайлык энергетиктер “Үч капчыгай” ГЭСи тууралуу маалымат беришти.

“Үч капчыгай” Кытайдын Янцзы дарыясында жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң ГЭС. Кытайлык энергетиктердин айтымында, гидроэлектростанциянын жалпы кубаттуулугу 22 миң 250 МВт. Плотинанын бийиктиги 185 метр, узундугу 2,3 чакырым.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: