super.kg logo
  Саясат  

Байсалов БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов БУУнун ден соолугунан майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча атайын баяндамачысы Хеба Хаграс менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ошондой эле эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын Борбордук Азиядагы аймактык башкармалыгынын жетекчиси, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Тараптар ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын жана Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасын ишке ашыруунун негизги маселелерин талкуулашты.

Хеба Хаграсс 3-октябрга чейин Кыргызстанда расмий иш сапары менен болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: