super.kg logo

"Сууну уйлар ичип жатат". Окурман Шопоков шаарындагы жарылган канализация оңдолбогонун айтты (видео)

 

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө окурман кайрылып, Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарынын борбордук канализациясынын түтүгү жарылса да эч кандай оңдоо иштери жүрбөй жатканына нааразы болду.

Анын айтымында, жарылган түтүктөн чыккан суу шаар четиндеги жерлерди аралап өткөндүктөн жайыттагы мал ичип жатат.

"Эки жылдан бери тешилип, эч эле оңдоп бүтө албай коюшту. Бул суу жыттанып дагы жатат. Бададагы уйлар болсо ушул суудан ичип жатат", - деди окурман.

Ошондой эле ал тийиштүү жетекчиликтерге кайрылышканын, бирок майнап чыкпай жатканын кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






24.09.24

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: